triplex30.jpgtriplex32.jpgtriplex23.jpgtriplex27.jpgtriplex26.jpgtriplex25.jpgtriplex35.jpgtriplex33.jpgtriplex31.jpgtriplex29.jpgtriplex37.jpgtriplex24.jpgtriplex28.jpgtriplex36.jpgtriplex34.jpg

История успеха участника курса «Дилгир» Курманбекова Омурбека


Сегодняшняя молодежь - лидеры завтрашнего дня" (Нельсон Мандела).
«Будучи волонтёром в Молодёжном центре при мэрии города Каракол ,я понимал, что мне необходимы знания в сфере работы с молодёжью. В то время Камалов Каныбек был председателем центра. Он рассказал мне об обучении «Дилгир» и предложил пройти его. Спустя 2 года я активно помогаю развитию молодых людей и теперь являюсь председателем молодёжного центра», - говорит Омурбек Курманбеков.

   Омурбек - один из выпускников курсов для молодых лидеров «Дилгир» кыргызско-германского проекта GIZ «Перспективы для молодежи». После завершения обучения, Омурбек выиграл грант на создание сварочно-полимерного цеха. Сейчас в нем работают 3 сотрудника, и еще 6-7 рабочих мест появляются в течение сезона, а летом около 20 студентов профессионально-технических лицеев проходят стажировку.

Начиная с 2019 г. Омурбек также председатель общественного объединения «Иссык-Кульский молодёжный деловой клуб», где на данный момент трудятся около 20 волонтёров. «Я хочу продолжать помогать с трудоустройством, ради этого мы организуем тренинги и учебные встречи, чтобы молодые люди научились писать проекты и воплощать их в жизнь. В проекте GIZ мы выиграли еще грант на открытие социального швейного цеха. Там у нас работают 4 женщины. В конце марта, когда в Караколе повысился спрос на медицинские маски из-за пандемии коронавируса, мы сшили около 1000 защитных масок и половину из них раздали малоимущим семьям», - рассказывает Омурбек. Этот пример перепрофилирования цеха был поддержан и другими швейными цехами в Мин-Куше (Нарынская область) и в Уч-Коргоне (Таласская область).

 Омурбек также старается поддержать развитие юношей и девушек в разных направлениях. Он сам проводит обучение по дебатам и ведению дискуссий, организует различные турниры. В сотрудничестве с Молодёжным центром был проведён конкурс художественного чтения «Дабыш». Всего было отобрано 200 студентов, 13 из них прошли двухмесячную подготовку по «актерскому мастерству» и приняли участие в отчётном концерте.

«Иссык-Кульский молодёжный деловой клуб» работает не только с волонтерами, но и с представителями государственной власти. Например, объединение и мэрия г. Каракол подписали меморандум о сотрудничестве и теперь многие мероприятия проводят совместно. Такое взаимодействие встречается редко и этот успех воодушевляет Омурбека и его команду. «Мэрия всегда поддерживает нас, и мы рады, что у нас есть своя Стратегия развития молодёжи», - гордится Омурбек.

 Стратегию, кстати, разработали сами молодые активисты в 2018 году. Проект GIZ поддержал развитие диалога между городской властью и молодёжью и помог в разработке документа. После того, как Каракольский городской кенеш принял и утвердил данную стратегию, стало возможным финансирование услуг для молодёжи и с каждым годом всё больше средств выделяется на эти цели. Например, если в 2017 г. было выделено 300 000 сомов, то в 2018 г. – 600 000 сомов, а в 2020 г. уже 878 000 сомов.

Большой помощью Омурбеку и его команде было «Руководство по разработке местных молодёжных стратегий», в котором даны практические рекомендации как наладить диалог между местными органами власти и молодёжью, как обратить внимание руководителей местного самоуправления на молодёжные инициативы, как способствовать выделению бюджета на необходимые услуги для молодых людей. Издание руководства поддержал проект GIZ и все желающие могут получить его бесплатно. (Контакт: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. ).

Часто страны с ограниченными ресурсами не в полной мере осознают, насколько важны для них молодые люди и что нужно инвестировать в них. Но это не применимо к ОмурбекуКурманбекову. Ведь ему и его команде удалось доказать, что молодые активисты и есть та движущая сила, кто стремится помогать развитию своего общества, региона и страны.


 

«Дилгир» жаш лидерлерди окутуу курсуну катышуучусу Курманбеков Омурбектин ийгиликтери

"Бүгүнкү жаштар - эртеңки күндүн лидерлери" (Нельсон Мандела).

“Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар борборунда волонтер болуп туруп, жаштар менен иштөө чөйрөсүндөгү билим мага зарыл экендигин түшүнгөм. Ошол убакта Камалов Каныбек борбордун төрагасы эле. Ал мага “Дилгир” окуусу жөнүндө айтып берип, ошол курста окууну сунуштады. Эки жылдан кийин мен жаштардын өнүгүүсүнө активдүү салымым кошуп жаштар борборунун төрагасы болуп иштеп жатамын”, - дейт Өмүрбек Курманбеков.

Өмүрбек “Жаштар үчүн жаркын келечек” GIZ кыргыз-герман долбоорунун “Дилгир” окуунун бүтүрүүчүлөрүнүн бири. Окуунун соңуна жеткенде Омурбек ширетүүчү-полимер цехин түзүү үчүн грантты уткан. Азыр анда 3 кызматкер эмгектенет, андан сырткары 6-7 иш орундары сезондун ичинде пайда болот, ал эми жайында кесиптик-техникалык лицейлердин 20га жакын студенттери стажировкадан өтөт.

Андан сырткары Омурбек 2019-жылдан тарта “Ысык-Көл жаштар ишкердик клубу” коомдук бирикмесинин төрагасы катары иштеп жатат, ал жерде учурда 20га жакын волонтер өз ишмердүүлүгүн аткарышат. “Мен жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүнү уланткым келет, ошондуктан биз жаштарга долбоорлорду жазууну жана аларды жүзөгө ашырууну үйрөнүүсү үчүн тренингдерди жана окуу жолугушууларды уюштурабыз.

GIZтин “Жаштар үчүн жаркын келечек” долбоорунан биз социалдык кийим тигүүчү цехти ачууга грант утуп алдык. Анда бизде 4 аял эмгектенет. 2020-жылдын март айынын аягында Каракол шаарында коронавирустун пандемиясынан улам медициналык маска боюнча суроо-талап жогорулаган учурда биз 1000ге жакын коргоочу маскаларды, анын жарымын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратып бердик", - деп белгиледи Өмүрбек. Тигүүчү цехтин мындай тез арада өз ишмердүүлүгүнүн багытын өзгөртүүнүн жакшы жөрөлгөсүн Миң-Куш (Нарын облусу) жана Үч-Коргон (Талас облусу) айыл аймактарындагы башка тигүү цехтери тарабынан колдоого алынган.

 Ошондой эле Өмүрбек, ар кандай багыттагы уландар менен кыздардын өнүгүшүн колдоого аракет кылат. Ал дебаттарды жана дискуссияларды уюштуруп, ар кандай мелдештерди уюштурат. Жаштар борбору менен кызматташтыкта “Дабыш” көркөм окуу сынагы өткөрүлгөн. Анда бардыгы болуп 200 студент тандалып алынган, алардын 13ү “Актердук чеберчилиги” боюнча эки айлык даярдыктан өтүшкөн жана отчеттук концертке катышкан.

“Ысык-Көл жаштар ишкердик клубу” волонтерлор менен гана эмес, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү менен да иш алып барат. Мисалы, бул бирикме жана Каракол шаарынын мэриясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту жана эми дагы көптөгөн иш-чараларды биргелешип өткөрүшөт.

Мындай кызматташтык башка аймактарда сейрек кездешет жана бул ийгилик Өмүрбекти жана анын командасын шыктандырат. “Мэрия дайыма бизди колдоп келет жана бизде өзүбүздүн Жаштарды өнүктүрүү стратегиябыз бар экендигине кубанычтабыз”, - деп Өмүрбек сыймыктанат. Стратегияны, айтмакчы, 2018-жылы жаш активисттер өздөрү даярдашты. GIZ долбоору шаардык бийлик жана жаштар ортосундагы диалогду өнүктүрүүнү колдоого жана документти иштеп чыгууга жардам берди. Шаардык Кеңеш бул стратегияны кабыл алып, бекиткенден кийин, Жаштар кызматын каржылоо мүмкүнчүлүгү пайда болду жана жыл сайын бул максатка көбүрөөк каражат бөлүнүүдө. Мисалы, эгерде 2017 – жылы жергиликтүү бюджеттен жаштар маселелерине 300 000 сом бөлүнүп берилсе, 2018-жылы - 600 000 сом, ал эми 2020-жылга болсо 878 000 сом каралды.

 GIZ долбоору ошондой эле “Жергиликтүү жаштар стратегияларын иштеп чыгуу боюнча колдонмо” басып чыгарууга жардам кылды. Ал колдонмодо жаш активисттер үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен жаштардын ортосунда диалог түзүүнү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жаштарга көңүл буруусу, жаштар үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөргө бюджетти бөлүп берүүгө кантип көмөк көрсөтүү сыяктуу практикалык сунуштар берилген. Колдонмону бул электрондук почтага жасып Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. сурап алсаныз болот.

Көп учурда чектелген ресурстары бар мамлекеттер алар үчүн жаштар канчалык маанилүү экендигин жана аларга кандай инвестиция берүү керектигин толук баамдашпайт. Бирок бул Өмүрбек Курманбековго тиешелүү эмес көрүнүш десек болчудай. Анткени ал жана анын командасында жаш активисттер, өз коомунун, аймактын жана өлкөнүн өнүгүүсүнө жардам көрсөтүүгө умтулган кыймылдуу күч бар экендигин көрсөтө алды.

Joomla templates by a4joomla